Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Ош 11.01.2020 17:02 На русском

Жаагы 3 жерден сынып, ооруканада жатат: Ошто кримчөйрөнүн өкүлү аэропорттун кызматкерин токмоктоого шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 11-январда түнкү саат 2:30 чамасында Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун «Казак» каймана аттуу мүчөсү бир нече балдар менен Кара-Суу районунун тургунун сабап кетүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, токмок жеген адамдын жаагы 3 жерден сынган. Жабырлануучу учурда Ош облустук ооруканасында дарыланып жатат.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуя каттоого алынгандыгын билдирди. Бирок ал окуяга «Казактын» тиешеси бар же жоктугу белгилүү боло элек.

«Окуя болгон жерге шаардык милициянын ыкчам тобу барган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча окуяга аралашкандардын айрымдарынын ысымдары аныкталды», - деди Сыдыков.

«Казак» каймана аты бар М.У.нун жактоочусу Динара Турдуматова М.У. ушул жылдын 8-январында Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылгандыгын билдирди. Бирок ал учурда үйдө апасы менен экендигин, түнкү окуяга тиешеси жоктугун белгиледи.

«8-январь күнү үй камагына чыгарылган. Кылмыш ишиндеги жабырлануучу тосмо арыз жазган. Бирок кылмыш иште кемчилдиктер бар. Милициядагы опер кызматкерлер мыйзамды бузган»,- деди Турдуматова.

Өздүк булактар кошумчалагандай, жабырлануучу 1989-жылы туулган Р.У. «Ош» эл аралык аэропортунун кызматкери экени айтылууда.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдиргендей, жабырлануучу Р.У.нун эки жаагы тең сынып, ээги айрылып, башы чайкалган.

«Ооруканага түнкү саат 3:10 чамасында келип түшкөн. Окуя болгондон кийин 1 сааттын аралыгында алып келинген. Эки жаагы тең сынып, операция жасалды. Астыңкы илеби (жаагынын ылдыц жагы) айрылып кеткен. Абалы туруктуу, бирок алган жаракаты оор. Учурда операция бөлүмүнөн палатага которулду. Бейтап аэропорт кызматкери», - дешти ооруканадагылар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×