Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Баткен облусуБаткен району 11.01.2020 16:19 На русском

Тажиктер бизди Баткендин Дахма аймагынан сүрүп чыгарууга аракет кылып жатат, - Көк-Таш айылынын тургундары

жители Кок-Таша
жители Кок-Таша

Turmush -  Тажиктер бизди Баткендин Көк-Таш айылындагы Дахма аймагынан сүрүп чыгарууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда АКИpress агенттигинде Көк-Таштын тургундары билдиришти.

Тургундардын бири Шермат Айдаровдун айтымында, Көк-Таштын түштүк-батыш аягында жайгашкан Дахма тилкесинде кыргыздар жашаган 7 үй бар.

«3 күн мурун айылда кыргыздардын сарайын өрттөп салышты. Аялдар, балдар жана карылар 3 күндөн бери мектепте баш калкалап жатат», - деди ал.

Айылдын дагы бир тургуну Жоробай Байзаковдун айтымында, аталган 7 үй стратегиялык үйлөр болуп саналат.

«Эгер алар бизди ал жактан сүрүп чыгарса анда тажиктер Баткен—Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык унаа жолуна түз чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар ага катар эле Төрт-Гүл суу сактагычынын каналына жана суу топтолуучу «Головной» деген жерди ээлегенге мүмкүнчүлүк алышат», - деди ал.

Көк-таштыктар буга катар эле Дахманы көздөй тажиктер жашаган Майский деп аталган тараптан тынбай ок атылып жаткандыгын кошумчалашты.

«Дахманын түндүк жагындагы 4 үйдөн да ок атылып жатат. Ал жакта дагы тажиктер жашашат», - деди Жоробай Байзаков.

«Алардын бизди Дахмадан сүрүп чыгаруу аракеттерин Тажикстандын борбордук бийлиги колдоп жатат. Биздин борбордук бийлик аракет кылбай жатат», - деди алар.

Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чыры 10-январда түн ортосунда башталган. Жергиликтүү тургундар андан мурда тажиктер бала-чакаларын, малын бүт айылдан чыгарып кетип, элетте жалаң гана эркектер калгандыгын айтышкан. Аталган окуялардын чоо-жайы бул шилтемеде.

Сүрөттөр 10-январда тартылган

вамв

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×