Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Нарын облусуНарын району 06.01.2020 16:40 На русском

Түрк жигити сүйүүсүн арнаган нарындык Альбинанын баяны. Сүрөт

Альбина Рахатова
Альбина Рахатова
// Турмуш

Turmush -  Нарын районунун Сегизинчи март айылында төрөлгөн Альбина Рахатова бир жылдан бери Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенет. Ал буга чейин Түркияда дагы иштеген. Мекендешибиз чет өлкөдө кабылган кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Мектепти аяктаган соң, Нарын шаарындагы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алып баштагам. 2018-жылы немис тили боюнча мугалим кесибин алып чыктым. Учурда Россиянын Екатеринбург шаарындагы дүкөндө кассада иштейм. Чет өлкөдө жүргөндө кыйынчылыктар сөзсүз болуп, кызыктуу окуяларга байма-бай кабылат экенсиң. Бул жерде вьетнам улутундагы адамдар менен да иштешебиз. Алар менен сүйлөшүү кыйын. Анткени вьетнам эли орус тилин жакшы сүйлөй албай, бири-бирибизди түшүнүүдө кыйынчылыктар жаралат. Бир жолу Фук аттуу бала кыргыз тилин үйрөнүүгө абдан кызыгып калды. Ага бир жыл аралыгында кыргыз тилин үйрөткөм. Ал азыр кыргыз ырларын ырдап калат», - деди ал.

Альбина Рахатова 2017-жылы Түркиянын Анталья шаарына барып, ресторанда официант болуп иштеген.

«Ал жерден тил жагынан кыйналып жүрдүм. Кыргызстандан тил үйрөнүп барганым менен түрктөр менен аралашып иштеп кетүү кыйынга турду. Бир жолу ресторандын жетекчиси чай ичип отурган. Биз ал учурда вазага салынган гүлдөрдү столдун үстүнө коюп жатканбыз. Ашып калган гүлдөрдү кайда коёрумду билбей, жетекчиге барып, кыргызча менен түркчөнү аралаштырып сурадым. Ал мени карап, аябай күлдү. Мен эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүндү. Бирок кайра-кайра уккусу келип, "эмне дейсиң?" деп менден улам сурап жатты. Ошондон кийин жетекчибиз мени таанып, дайыма мени менен учурашып жана кандай гана кырдаал болбосун мага колдоо көрсөтүп баштады.

Ушул эле ресторанда иштеп жүргөндө бир түрк жигити бармен болуп иштечү. Ал орус тилин билгендиктен экөөбүз тез тил табышып кеттик. Бир күнү мени аталган жигит Анталья шаарын кыдыртып, белек берип, сүйүүсүн арнады. Ага достук мамиледе калуу керектигин айтып, ошондон азыркы күнгө чейин жакшы достордун бирибиз», - деди ал.

Мекендешибиз 3 бир туугандын экинчиси, 1996-жылы жарык дүйнөгө келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×