Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Баткен облусуИсфана 29.12.2019 11:00

Мекендештер: Баткендик К.Исаев Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн АКШда окуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Исфана шаарында чоңойгон 22 жаштагы Калыс Исаев Американын Иллинойс штатындагы Түндүк Америка университетинде билим алып жатат. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Анын айтымында, Америкада окууну бала кезинен кыялданчу.

«Америкага жаңы келгенимде аябай сүйүнгөн болчумун. Американы кинодон көп көрчүмүн. Үйлөрү, элдери кинодо кандай болсо, жашоодо дагы ошондой экен. 10-класста окуп жүргөндө Америкадагы жогорку окуу жайларга тапшырууга боло турган сынактарга даярданчумун. Андан сырткары предметтик олимпиадаларга катышып, алган сертификаттарымды Америкадагы 2-3 университетке жөнөткөм. Анан азыркы окуп жаткан окуу жайымды тандагам. Буга чейин бул жактагы университетте компьютердик тармакта окугам. Бюджеттик негизде окубайм. Бирок бизге стипендия төлөнүп берилет. Жаңы келгенде окуумдун акысы 14000 доллар болчу. Мен 8000 доллар төлөп окудум. Жакшы окусаң, жеңилдиктер болуп турат. Стипендия алсаң жакшы. Бирок стипендияга жетүү кыйын.

Мен бул жакта расмий түрдө иштебейм. Өзүм студент болуп келгем. Ал эми студенттерге иштегенге болбойт. Бирок иштөөнүн жолдору бар. Мисалы, тажрыйба топтоо үчүн. Университеттен дагы өздөрү жумуш таап беришет. Келечекте окуу жайды бүтүрүп, практикаларымды ийгиликтүү аяктап, жакшы жумуштарда иштейм деп пландап жатам. Буйруса келе жаткан жылы досторум менен чакан бизнес ачсакпы деп дагы ойлонуштуруп жатабыз. Бул жактан жумушка кирип, Кыргызстанга барганда өз салымымды кошом деген ниеттерим бар», - деди ал.

Калыс үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×