Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.12.2019 16:14 На русском

Нарында 24 баш мал жүктөп келе жаткан унаа «Ауди» менен кагышып, айдоочу мерт болду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 13-декабрда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында 2 унаа кагышып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык Баетов—Кош-Дөбө жолунда болгон. Анын кесепетинен 1972-жылы туулган С.Р. айдап келе жаткан оор жүк ташуучу «МАН» үлгүсүндөгү унаа менен Ак-Чий айылынын 1987-жылы туулган тургуну Ж. уулу Н. айдап келе жаткан «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Натыйжада «Ауди С4» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми анын жанында келе жаткан Ж.Т. оор абалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. «МАН» унаасынын айдоочусу башынан жаракат алгандыгынан улам хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Жүк ташуучу унаада 24 баш тай жана торпок болгон. Кырсыктын улам 1 тай жана 1 баш торпок дагы өлгөндүгү такталды.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×