Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Нарын облусуНарын району 14.12.2019 15:56 На русском

Ат-Башы ГЭСинде 2 кызматкер токко урунуп, бирөөсү реанимацияга түштү

Ат-Башы ГЭСинде 2 кызматкер токко урунуп, бирөөсү реанимацияга түштү
Ат-Башы ГЭСинде 2 кызматкер токко урунуп, бирөөсү реанимацияга түштү

Turmush -  12-декабрда Нарын районундагы Ат-Башы ГЭСинде 2 кызматкер токко урунуп, бирөөсү реанимацияга түштү. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 13-ноябрда Нарын РИИБдин жетекчилиги Ат-Башы ГЭСнин кызматкерлери токко тартылып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө түшкөндүгү тууралуу маалымат берген. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кырсык 12-декабрь күнү саат менен 13:15 чамасында болгондугу такталды. Нарын районунун Достук айылынын тургундары, ГЭСтин кызматкерлери — 1976-жылы туулган О.А. менен 1993-жылы туулган К.М. ОРУ-110 КВ (открытый распределительный участок) ОПНдин темир каркасын ченөө үчүн барышкан. Экөө иштеп жатканда токко урунуп, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факты Нарын РИИБде каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ал эми «Электр станциялар» ААКтын маалыматына караганда, Ат-Башы ГЭСинде 3-разряддагы слесар, 1993-жылы туулган К.М. менен кокустук болгон. Ал азыр Нарын облустук ооруканасында дарыланып жатат. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат. Экинчи жумушчу, 1976-жылы туулган О.А. жабыр тарткан эмес. Компания жабырланган жумушчунун үй-бүлөсүнө керек болгон жардамды берип жатат. Бул окуянын келип чыгуу себептерин тактоо үчүн атайын комиссия түзүлүүдө.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчисинин орун басары Самат Асаналиевдин айтымында, аларга 1 гана жабылануучу алынып келинген.

«Анын бир колу, бир буту, денесинин бир жак тарабы күйгөн. Жалпысынан 35% денеси күйүп, бизге шок абалында алынып келинген. Бүгүнкү күндө акыбалы турукташып, шок абалдан чыгайын деп калды. Буйруса кан басымы, жүрөктүн иштеши турукташып калды. Дарылануу жүрүп жатат. Бишкектен дагы дарылануусун улантат. Жолго чыгууга мүмкүн болгондо Бишкектеги №4 шаардык ооруканага которобуз деген оюбуз бар.

Жабырлануучу эс-учун ошол окуя болгон жерден эле жоготуптур, кайра өзү эсине келген экен. Бизге алынып келген учурда эс-учу бар болчу. Бирок интенсивдүү дарылоого муктаж болгондугу үчүн биз трамвотология бөлүмүнө жаткырбай реанимацияда карап жатабыз. Бизге кайрылган 1 эле адам болгон», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×