Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ош облусуАраван району 13.12.2019 12:34

«Балдарды жакшы кара. Мен өлөт окшойм»: Бычак жеген келиндин акыркы көз ирмемдери

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван райондук соту Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айыпталган Юсуфтун (аты өзгөртүлдү, М.Т.М.) кылмыш ишин карап, чечим чыгарды.

Ал 1983-жылы Баткен районунда туулган, билими орто. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон.

Айыпталуучу — Юсуф 2019-жылдын 1-февраль күнү милицияга кайрылып, Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагынын 1986-жылы туулган тургуну Адолатка (аты өзгөртүлдү, Г.М.) өзүнүн үйүнүн короосунда бычак сайып жибергенин, ал окуя болгон жерде каза тапканын билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (киши өлтүрүү) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүштүк иш тергелип, топтолгон материалдар сотко өткөн.

Соттук отурумда Юсуф күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, эки бир тууганы менен чогуу бир короодо жашайт. 2007-жылы Адолат менен баш кошуп, ортодо эки кыздуу болушкан. 2019-жылдын 1-февраль күнү эртең менен Араван районунун борборуна барып, иштерин бүтүргөндөн кийин базардан күнөскана үчүн клёнка сатып алган. Андан кийин үйүнө жөнөгөн. Анын аялы Адолат тосуп алган. Алар алып келинген клёнканы күнөсканага ылайыктап кесип, андан соң Юсуф күнөскананы тургузу үчүн бир нече арматураны жерге киргизген. Ошол маалда аялы жардамдашам деп, күнөсканага тирелген шатыга чыгып, толугу менен орнотула элек арматураны кармап алган. Ал жыгылып баратканда Юсуф аны тосуп калууга аракет кылган.

«Ошол учурда колумда кленканы кескен бычак бар болчу. Аялым мага кулаганда «ох» деп кыйкырды. Анан ичинен кан кетти. Келинимди чакырып, «бинт алып кел» дедим. Келиним «бинт жок» дегенде, «анда ооруканага алып баралы» дедим. Аялымды колтуктап унаага салып, Тепе-Коргонго ооруканага жөнөдүк. Жолдо баратканда Адолат «балдарды жакшы кара. Мен өлөт окшойм» деди. «Жок сен өлбөйсүң, көп жашайсың. Чыдап тур, азыр ооруканага жетебиз» дедим. Ооруканага барганда аялымды оорукананын ичине көтөрүп алып кирдим. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүшүп, ийне сайышты. Аялым кусуп, өзүн жаман сезип баштады. Мен дарыгерлерге «карагыла, ооз көңдөйү тырышып жатат» деп айттым. Алар «биз ийне сайып жатабыз. Тоскоолдук кылбаңыз, азыр жакшы болуп калат» деп айтышты. Анан ал жерден Араван районунун ооруканасына алып барабыз дешти. Тез жардам унаасына салып жөнөдүк. Жолдо баратканда тилин тиштей бергендиктен, мага кичинекей жалпак жыгач беришти. Мен аны менен оозун улам-улам ачып жаттым. Ленин айылына келгенде аялымдын оозу көгөрүп кетти. Дарыгер оозуна дем алдыруучу аппаратты койду. Араванга ооруканага жеткенде жандандыруу бөлүмүнө алып киришип, «бизге кечигип калыптырсыңар» деп айтышты.

Шатыдан жыгылганда менин колумдагы бычак ага кантип кирип кеткенин билбей калдым. Жыгылып келе жатканда аялымды кармап калганга аракет кылгам. Мен бул ишти атайылап кылган жокмун. Кокусунан болду. Ортодо эки балабыз бар», - деди ал.
Айыпталуучу соттон акыйкат чечим чыгарууну өтүндү.

Сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү каза тапкан Адолат бир тууган жээни болгонун, анын өзүнөн башка эч кими жок экенин, 2007-жылы турмушка чыгып, эки кыздуу болгонун, жолдошу менен бактылуу жашаганын айтты. Ал соттон күйөө баласына карата эч кандай доосу жок экенин, ага жеңил жаза берүүнү суранды.

Жайынтыгында Юсуф күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Убактылуу кармоо жайында отурган ар бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө туура келет деп эсептелди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×