Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 13.12.2019 11:46

Тоңдо жыл башынан бери 15 ок атуучу курал алынды

Turmush -  Тоң районунда «Арсенал» рейди өттү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн лицензиялоо-уруксат берүү кызматынын ага тескөөчүсү Бакытбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, РИИБдин кызматкерлери мыйзамсыз сакталып, колдонулуп жүргөн ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды алуу максатында 2-7-декабрь күндөрү рейд өткөрүштү.

Маалым болгондой, жыл башынан бери райондун аймагынан 15 ок атуучу курал алынды. Анын ичинде «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу эки курал бар. Ал эми ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган 219 адамга Бузуулар жөнүндө кодексинин 84-85-беренелери менен протоколдор түзүлүп, 43 миң сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×