Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуКемин району 13.12.2019 09:42 На русском

Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери Мирланды көргөндө эмне үчүн «шок» болушту?

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Мирлан Сулайманов Бишкек Жылуулук электр борборунда темир устасы болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мирлан Сулайманов Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1988-жылы төрөлгөн.

«Жумушта бир кызык окуя болду. Эмгек жамаатыма чыгармачылык менен алектенип жатканымды айткан эмесмин. Ырдаганымды деле эч ким уккан эмес. Бир күнү бир майрам болуп, бардык жумушчулар кечеге чогулдук. Ар кайсы цехтен бирден бала чыгып, ырдап жатышты. Шарт ошондой эле. Башкалардын ырдаганын угуп, шек алдырбай отурдум. Ошентип микрофонду мага сунуп, кезек жеткенин билдиришти. Мен чыкканда баары «эми бул эмнени кыйратар экен» деген сыяктуу карап турушкан. Мен болсо Муслим Магомаевдин «Море» деген ырын созуп салдым. Элдин баары шок…

2009-2011-жылдары коопсуздук жаатында иштедим. 2007-2009-жылдар аралыгында кафе-ресторандарда музыкант болуп эмгектенгем. 2012-жылы күз мезгилинде келинчегим экөөбүз баш коштук. 2013-жылы кудайым бизге эгиз кыз берди. Ошол жылдары айдоочу-экспедитор болуп да иштедим. Бирок, ырдоону таштаган жокмун. Учурда Бишкек ЖЭБде эмгектенип жатам. Азырынча темир устасымын. Кудайым буюрса, жетекчилик орундарга чейин көтөрүлүү үчүн талыкпай эмгектенем. Ал эми чыгармачылыгымды сөзсүз ала жүрөм. Аны өнүктүрүп, өстүрөм», - деди ал.

Мирлан Сулайманов Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин мектебинде 1995-2006-жылдары окуп, андан кийин 2006-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырган.

«Тилекке каршы 2-курска чейин гана окугам. 2008-2009-жылдары КРдин Ички кызматында аскердик милдетимди өтөдүм.

Өнөрүм менен бир нече ардак баракчаларга ээ болдум. Сынактарда сыйлыктарга татыдым. Вокал боюнча долбоорго катышкам. Жакында эле теле долбооруна катышып, эки турдан өттүм. 7-январда боло турчу финалга даярданып жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×