Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.12.2019 17:42 На русском

«Операцияга чогулган акчаны алдап кетишти»: Индияга барган Айжамал көз жумду

Turmush -  Индияда боорун алмаштыруу үчүн операция талап кылынып жаткан Түп районунун Кең-Суу айылынын 24 жаштагы тургуну Айжамал Калыева көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айжамалдын апасы Албина Абдрахманованын айтымында, кызы акыркы эки жылдан бери альвеококкоз оорусу менен жабыркап келген. Ушул жылдын 22-августунда операция жасатуу үчүн Индияга учуп кеткен. Операцияга кетчү чыгым марафондон чогултулган, бирок уюштуруучулар аны берген эмес.

«Айжамалды индиялык дарыгерлер жакшы эле операцияга даярдап, болгон анализдерин алып жатышкан. Кайрымдуу адамдарбыз деп алдап кеткен жигиттин айынан убакыт созулуп отуруп, кызымдын абалы оорлоп баштады. Жандандыруу бөлүмүндө жатып, 21-ноябрь күнү каза болуп калды. Кызымдын сөөгүн 2,5 миӊ доллар төлөп, учак менен алып келдик. Эми кыркылыгын өткөргөндөн кийин акчасын алдап кеткен адамдардын үстүнөн арыз жазабыз», - деди апасы А.Абдрахманова.

Буга чейин 24 жаштагы Айжамал Калыева операциясы үчүн чогулган акчаны марафондун уюштуруучулары алдап кетишкенин билдирген болчу.

«Кызымдын операциясы үчүн кайрымдуулук иш-чараларды өткөрүп, акча топтогон Рысбек Эшимкулов аттуу адам Индияга кызымды бир тыйыны жок алып барыптыр. Сентябрь айында аны полиция кызматкерлери кармашкан. Андан соң, кандай себептер менен бошотулганы белгисиз. Аны Казакстанда жүрөт деп угуп жатабыз. Элден чогулган жана бизден алган акчаларды кайтарган жок. Азыр кызым Индияда оор абалда жатат. Анын боорун алмаштырууга 35-40 миң доллар жок болгондуктан операция жасала элек», - деген А.Абдрахманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×