Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Чүй облусуАламүдүн району 12.12.2019 17:36

Айланма жолдун ортосунда акча ташыган унаа 2 сааттан бери токтоп турат. Видео

Turmush -  Чүй облусунун Токмок—Кара-Балта жолу менен Калыс-Ордо айылынын жолунун (айланма жолдун аймагы) кесилишинде инкассатордук унаа 2 сааттан бери токтоп турат. Күбөлөрдүн айтымында, аталган унаа ары-бери өткөн унааларга тоскоолдук кылууда.

«Биз саат 15:00дө күн чыгышты көздөй кетип баратканда эле жолдун ортосунда токтоп турган. Унаалар аны айланып, жолдун четинен өтүп жаткан экен. Жанында ЖКККБнын кызматкерлери жүргөн. 2 сааттан кийин кайра күн батышты карай келе жатсак, дагы деле токтоп туруптур. Жол кырсыгына кабылган унаага окшошпойт. Унаа бузулган же бир окуя болгон. Анткени, кайра келе жатканда ЖКККБнын кызматкерлери унаанын айланасына тасма тартып жатышкан экен», - деди күбөлөр.

Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышка бара жатып, Калыс ордо жаңы конушуна бурулган жолдон жолду кесип өтүп бараткан 25 жаштагы кызды сүзүп алган.

«Жабыр тарткан кыз ооруканага көрүнүп кеткен. Окуя болгон жерде ЖКККБнын кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам тобу иш алып барууда», - деп айтылат маалыматта.

Видеону күбөлөр тартып алышкан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×