Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Чүй облусу, Токмок 12.12.2019 09:10 На русском

«Ата-энеси төрөлгөндө эле таштап кеткен»: Балдар үйүндөгү Кайыркүл айыкпас дарт менен ооруп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдар үйүнүн 1,5 жаштагы тарбиялануучусу Кайыркүл ихтиоз дарты (тери оорусунун бир түрү) менен ооруп жатат. Бул тууралуу Токмок шаарынын тургуну Мээрим Бейшекеева билдирди. Ал бир нече жылдан бери кайрымдуулук иштер менен алектенип келет.

«Менин билишим боюнча кичинекей кызды ата-энеси төрөлгөндө эле таштап кетишкен. Бул илдет ихтиоз деп аталат. Тилекке каршы айыкпас оору. Териси аябай кургап, кийимине илинип, сыйрылып, канап да кетет экен. «Дексерил» деген дарыны сүйкөп турса, териси жумшарып калат экен.

Бул кызды алгач көргөндө түнү менен уктай албай, ыйлап, өзүм ооругандай кыйналдым. Анан соцтармактар аркылуу жалпы кыргыз элиме кайрылдым. Үч күндүн ичинде 50 даана дарыга акча чогулттук. Бул дары бардык дарыканаларда боло бербейт экен», - деди ал.

Кайыркүлгө жардам берем дегендер 0707 05 78 92 (WhatsApp) номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×