Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Чүй облусуЖайыл району 12.12.2019 08:24 На русском

Мергенчилерди «азгырган» Чүйдүн 300 килограммдык дөөлөрү

Turmush -  Мурунку мергенчилик сезондорго караганда жапайы камандардын саны «Калинин» район аралык мергенчилер жана балыкчылар коомунун аңчылык жерлеринде 30 пайызга гана өскөн. Анын себеби каманга мыйзамсыз мергенчиликке чыккандарга айып пулдун көлөмү 50 миң сомго, ал эми аңчылыктын картасы бир баш жырткыч үчүн 1500 сомго өскөн. Бул тууралуу мергенчи Сергей Гаршин билдирди.

Улук эколог Александр Сидоренконун айтымында, жапайы каман күчтүү, тез чуркаган жаныбар болот. Тез кыймылдуу дагы. Айрымдарынын салмагы 300 килограммдан жогорку келип, өркөчүнүн бийиктиги 1 метрден ашышы мүмкүн. Мындан 5 жыл мурун Жайыл районундагы Турук капчыгайында бир каман колго түшкөн. Ал «Турук дөөсү» деп аталып калган.

Сүрөт — 320 килограммдык «дөө». Жайылдагы аңчылардын рекорддук олжосу

Негизи камандар үйүр-үйүр болуп жүрүшөт. Кээде чоң үйүрлөр адашып кетет. Мындай учур өзгөчө кышкы мезгилде болот. Карып калган каман өз алдынча жүрүп, ургаачыга кошулуу мезгили келгенде гана аларга барат. Камандар 25-30 жылга чейин жашайт.

Жапайы камандын эти өтө даамдуу жана күз мезгилинде аябай майлуу келет», - деди ал.

Кыргызстанда жапайы камандарга аңчылык кылуунун бир нече ыкмасы бар. Мергенчилердин сырларын Владимир Нестеров айтып берди.

«Камандарга аңчылыкка «лайка» жана тайгандар менен чыкса болот. Алар каманды атууга жардам берет. Жарадар болгон каман качып кетсе да иттер анын артынан кууп барып, мергенчи келгиче эч жакка кетирбей жолун тороп турат.

Кыргызстанда мергенчилик кылуучу жерлерде камандарга эртең менен аңчылык кылса болот.

Камандар мүнөзү боюнча агрессивдүү эмес жаныбар. Адамга биринчилерден болуп кол салбайт. Бирок адамдан жарадар болгон каман ага кол салууга барат. Эркек камандын сыртка чыккан тиши жыл өткөн сайын узарып жана курч болуп баштайт. Алар бул тиштерин өзүн коргоодо жана кол салууда курал катары колдонушат. Ошондуктан жарадар болгон камандын артынан түшкөндө өтө сак болуу зарыл», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×