Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Ош облусуАлай району 11.12.2019 11:22

Өзгөчө ысым: Москвада атымды өзгөртүп алган деп ойлошкон, - Алайдын тургуну

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ош облусунун Алай районунун Мурдаш айылынын 31 жаштагы тургуну Светлана Маширапова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкек шаарындагы №81 мектепти 2006-жылы аяктаган.

«Москвада жүргөндө атымды уккан кыргыздар ысымын өзгөртүп алган деген ойдо «өз атыңды эле айтчы» дешчү. Кээде такыр ишенбей жатышканда тажаганыман «атым Сайракан» деп кутулчумун. Бойдок кезимде бирөө менен таанышып, «атым Светлана» десем, ал «мен Сергей» деп тамашалаган учурлар болгон. Негизи Светлана деген ысым кыргыздарда аз кездешет эмеспи. Ошон үчүн атыңды өзгөртүп ал деп дагы айтышат. Бирок атым өзүмө жагат. Мага бул ысымды атамдын бир тууган карындашы өзүнүн мугалиминин атынан койгон экен.

Мен жаңы келин болуп келгенде кайын сиңдим «жеңе атыңыз чын эле Светабы?» деп сураганынан «толук атым Светлана» десем, жолдошум: «биздин үйгө келип эле "ланасын" дагы кошуп алдынбы?» деп тамашалап калчу. Уулумдун атын Данил деп кайын атам койгон. Ал кудайга жакын, кудайдын белеги дегенди түшүндүрөт.

Өзүм 4 бир тууганмын. Нуриза жана Мириза аттуу эжелерим, Дастан деген иним бар. Балам ооруп жатканына байланыштуу учурда аны карап үйдөмүн, балам бутуна туруп кетсе экен деп тилек кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×