Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ош облусу, Ош 10.12.2019 12:31

Ошто 20 жаштагы кыз 5-кабаттан боюн таштап мерт кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 20 жаштагы кыз 5-кабаттан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов да тастыктады. Анын айтымында, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук фактысы менен катталган.

Окуя шаардагы Ы.Монуев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

«Окуя тууралуу бизге 6-декабрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери кабарлаган. 1999-жылы туулган А.Д. белгисиз себептер менен 5-кабаттан кулап кеткендиги белгилүү болгон. Ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Каза болгон кыздын жакындары суралууда», - деди Абсатар Тавакалов.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, А.Д. ооруканага жеткирилгенден кийин бир саатка жетпей каза болгон.

«6-декабрда А.Д.ны бизге тез жардам кызматы алып келген. Дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Эки колу, эки буту, денесинин көпчүлүк бөлүгү сынып, ички органдары жарылып кетиптир. Биз тиешелүү жардамды көрсөттүк, бирок бейтаптын абалы оор болгондуктан, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок», - дешти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×