Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 10.12.2019 11:13 На русском

Ишкерден “отметка” талап кылган үч жердеш кармалды. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда акча опузалаган 3 адам кармалды, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-декабрында Токтогул РИИБге Чүй облусунун 1997-жылы туулган тургуну М.А. арыз менен кайрылып, андан бейтааныш 3 жигит акча талап кылгандыгын билдирген. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Токтогул районунун Жаңы-Жол айылына досу менен көмүр сатып келген учурда, аларга бейтааныш болгон 25-30 жаштар чамасындагы жигиттер өздөрүн Дастан, Адилет жана Эрнист деп тааныштырышып, «Биз Токтогул району боюнча «общактын» атынан шайланганбыз, ушул жерде көмүр менен иштегендер бизге «отметка» берет, эгерде жолдо кырсык болбосун десеңер, 10 000 сом төлөп турушуңар керек, эгерде макул болбосоңор, силерди ушул жолдон эле жок кылабыз» деп коркутуп, акча талап кылышкандыгын билдирген.

Бул факт боюнча материал РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер өкүлдөрү тарабынан тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары, кылмыштуу чөйрөнү колдоп жүргөн Токтогул районунун тургундары, мурда каракчылык фактысы менен соттолгон 1995-жылы туулган Т.Ж. (Адилет), бейбаштык беренеси менен соттолгон 1987-жылы туулган Т.С. (Дастан) жана 1986-жылы туулган Ы.Э. кармалышып, тиешелүү далил буюмдар алынган. Алар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка киргзилген. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×