Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 10.12.2019 10:38 На русском

Нарында милициянын старшинасы катышкан жол кырсык бир нече адамдын «ден соолугун алды»

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында «Ауди 100» жана «БМВ» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз тастыктады.

Маалым болгондой, 8-декабрь күнү саат 22:05 чамасында Нарын ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам кызматынын диспетчери Нарын шаарынын Алма-Бак аймагында эки автоунаа сүзүшүп, жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 1959-жылы туулган тургуну К.Ж. өзүнө тиешелүү «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаасы менен күн батыштан күн чыгышты карай бара жатып, карама-каршы багытта күн чыгыштан күн батышты көздөй келе жаткан «БМВ» үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүшкөнү маалым болгон. Бул унааны Нарын РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызматынын 1995-жылы туулган айдоочусу, милициянын старшинасы Ж.у.У. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургундары — 1967-жылы туулган Ж.К., 2014-жылы туулган К.А., 1956-жылы туулган К.С. денелеринен ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 1970-жылы туулган Т.С. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми «БМВ» үлгүсүндөгү автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан Нарын шаарынын тургундары — 1997-жылы туулган К.А. жана 1999-жылы туулган А.К. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө көрүнүп кетишкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Автоунаанын айдоочулары наркологиядан текшерилип, спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган жок», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ооруканада денесинен ар кандай жаракат алышкан 2 адам дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×