Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 09.12.2019 21:00

Видео — Кара-Кулжада бир күндө 8 чөө атылды

Turmush -  Кара-Кулжа районунда бир күндө 8 чөө атылды, деп билдирди Ош—Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун инспектору Улукбек Сейдалиев.

Анын айтымында, мергенчилер өз ыктыяры менен малга кол салган жырткычтарга ууга чыгышкан.

«Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорундагы мергенчилер малга кол салган жырткычтарды ата башташты. 7-декабрь күнү Кара-Кулжа районунда 8 чөө жок кылынган. Учурда жырткычтарды атуу иштери уланууда. Айыл өкмөт тарабынан колдоо болгон жок», - деди У.Сейдалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×