Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Чүй облусу, Токмок 09.12.2019 20:16

«Жубайлар»: 50 жыл бирге жашаган Абас ата менен Урумкан апа алтын тоюн өткөрүштү

Абас Абдразаков и Урумкан Жумашева
Абас Абдразаков и Урумкан Жумашева

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Абас Абдразаков менен Урумкан Жумашева.

Абас Абдразаков 1942-жылы Чүй районунун Кош-Коргон айылында төрөлсө, байбичеси Урумкан Жумашева 1951-жылы Чүй районундагы Сайлык айылында төрөлгөн. Алардын чогуу жашап жатканына 50 жыл болду.

«Байбичем жашаган айылда бир тууган агам турчу. Ошол агам ушул кыз жакшы деп тааныштырган. 1968-жылы апрель айында баш коштук. 1969-жылы бир кыздуу болуп калганда нике күбөлүгүн алганбыз. Ал убакта азыркыдай үйлөнүү үлпөт тойлор жок болчу. Айыл элин, туугандарды чакырып, түлөө кылганбыз. Кудайга шүгүр, 2 уул, 4 кызды тарбиялап өстүрүп, азыр 27 небере, 6 чөбөрөлүү болдук. Жетинчи чөбөрөбүздү күтүп жатабыз. Уул-келиндерим, кыз-күйөө балдарымдын баары жогорку билимдүү. Учурда Токмок шаарында жашайбыз», - деди ал.

Абас ата аскердик кызматын Москва шаарында өтөп, кийин Фрунзе шаарындагы айыл чарба техникумунан билим алып чыккан.

«Аскердик кызматты Москвада 1963-1966-жылдары өтөдүм. Ал жактан капитан наамы менен келгем. Аскерде мыкты кызмат өтөгөнүм үчүн аскердик бөлүмдө сүрөтүм илинген. Андан соӊ, 3 жыл Фрунзе шаарындагы айыл чарба техникумунда окудум. Окууну аяктаган соӊ, Чүй районундагы совхоздо, райкомдо, экинчи катчылыкта иштеп, ишканада директордун орун басары, бригадир, партиянын мүчөсү болдум. Ошондой эле профкомдо иштеп, райондук, айылдык кеӊештин депутаты болдум. Ошол кезде бир далай ардак баракчалар менен сыйландым. 1975-жылы коомдук иштерге активдүү катышканым үчүн Украинанын шаарларына 20 күндүк эс алууга жолдомо беришти. Украинанын атактуу шаарларын кыдырып келдим.

"Чүй районунун ардактуу атуулу" деген наам беришти. Жакында Токмок шаарынын мэриясына чакырып, байбичем экөөбүздүн бирге жашаганыбызга 50 жыл болуптур деп алтын той өткөрүп беришти. 1987-жылдан бери экинчи топтогу майыпмын. Ал эми кемпирим совхоздо ашпозчу болуп, кийин үйдө балдарды тарбиялады. "Баатыр эне" наамын алган», - деди ал.

Абас ата 6 айлык кезинде атасы согушка кетип, 4 жылдан кийин кайтып келген.

«Менин атам Абдразак 1904-жылы төрөлүптүр. Ата Мекендик согушка 1942-жылы кетиптир. Мага туулгандыгым тууралуу күбөлүк алынбай калган экен. Ошондон улам кайсы күнү төрөлгөнүм белгисиз. Ошондо айылдагы кемпирлер "сенин атаӊ согушка кеткенде 5-6 айлык бала болуп калгансыӊ" деп айтышкан. Кийин туулгандыгым тууралуу күбөлүк алганда 1-январда төрөлгөнсүӊ деп жазып беришкен. Ошол бойдон туулган күнүм 1-январь болуп калган.

Атам болсо согуштан 1946-жылы келди. Төрт жолу чабуулга кирип, төрт жолу жарадар болуптур. Далысынан, колунан, санынан жарадар болгон. Берлинге барган киши. Бир топ медалдардын ээси. Кийин айылга келгенде кассир, текшерүүчү комиссияда өкүл, кампа башчысы болуп иштеп жүрүп, 75 жашында каза болду.

Айыл эли, район эли аксакал деп сыйлап турушат. Чоӊ-чоӊ жыйын, тойлор болсо чакырып, кеӊеш сурап турушат. Чүй райондук ардагерлер кеңешинин мүчөсүмүн.

Азыркы жаштарга айтарым, чыдамкай, көтөрүмдүү болгула. Турмуш кайсы доор болбосун татаал болот. Туура иш кылып, талыкпай эмгектенишсе эле үйүндө бакыт болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×