Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ош облусуКара-Суу району 09.12.2019 16:39 На русском

Колу-бутун байлап, суу сактагычка ыргытып кетишкен прокурордун каймана атын алып жүргөн Партизан. Сүрөт

Партизан Адылбек уулу
Партизан Адылбек уулу

Turmush -  Дүйнө жүзүндө алгачкылардан болуп космоско учкан Юрий Гагарин болгон. Ошондой эле согуш учурунда баскынчыларга каршы согушкан аскердик кызматка тартылбаган адамдардын тобу — партизандар деп аталган. Кара-Суу районунда «Гагарин» жана Партизан аттуу ата-бала жашайт. Аймактык кабарчы 24 жаштагы Партизан менен маектешти.

Партизан Адылбек уулу 1995-жылы туулган. Ал Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылында чоңойгон. Өзүнүн айтымында, чоң атасы советтик армияда кызмат өтөгөн.

«Менин ысымымды чоң атам Калыбек коюптур. Мен туулган жылы болуш керек, Папан суу сактагычында өлтүрүлгөн прокурордун окуясы аңызга айланган. Ал прокурор өзүнүн ишин так аткарган, чынчыл, адилеттүү болгон дешет. Андан бирөөлөр кайсы бир адамдын жазасын жоюп берүүнү өтүнүп, акча сунушташкан. Бирок прокурор такыр макул болбой коюптур. Чоң атамдын айтымында, прокурор криминалдык топтун мүчөсүнүн, айтор таасирдүү кишинин жазасын жеңилдетпей коюптур. Ошондон улам прокурордун колу-бутун байлап, Папан суу сактагычына ыргытып жиберишиптир. Ал өзүнүн чынчылдыгынын курмандыгы болуптур. Прокурордун каймана аты "Партизан" экен. Чоң атам ысымымды дал ошол прокурордун каймана атынан чынчыл, адилеттүү болсун деп ыйгарыптыр.

Ал эми атамдын аты Адылбек. Аны айылда көпчүлүк тургундар "Гагарин" деген каймана ат менен таанып, аташат. Анткени унааны абдан катуу айдайт. Кайсы мезгил болбосун атам унааны айдап келип токтоткондо, анын моторуна чай кайнатканга болчудай ысык болуп калчу экен. Ошондуктан атам эл арасында "Гагарин" деп аталып калыптыр. Айылда "кимдин баласысың?" дегендерге "Адылбектин" деп жооп берем. Бирок көбү тааныбайт. Анан түшүндүрсөң, "Гагариндин" баласысыңбы?" деп калышат», - деди Партизан Адылбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×