Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуСокулук району 09.12.2019 12:21 На русском

Сокулук РИИБдин мурдагы жетекчиси катышкан жол кырсык

Turmush -  Сокулук РИИБдин мурдагы жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыктан кийин Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасына 3 адам жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда аталган ооруканадан билдиришти.

«Аталган кырсыктан кийин бизге келип түшкөн үч бейтаптын бирөөсү оор болчу. Анын баш мээси чайкалып, баш сөөгү сынып, оор даражадагы жаракат алган. Аны Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө алып кетишти. Калган экөө бизде дарыланып жатышат. Бүгүн абалы жакшы», - деп айтылат маалыматта.

РИИБдин мурдагы башчысы Максат Чойбековдун айтымында, кырсык болгон күнү Токмок шаарынан келе жаткан.

«Унаанын сол тарабы менен сүзүштүм. Унааны буруп, четке качканга үлгүрбөй калдым. Анткени жол тайгак жана коюу туман бар эле. Тез жардам кызматын жана ЖКККБнын, ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерин күттүм. Ал эми спирт ичимдигин ичип алыптыр деген сөз 100% жалган. Мен ушундай сөздөр чыкпашы үчүн дароо текшерилгем. Кагаздар турат. Азыр №4 шаардык ооруканадамын. Сол бутум жана оң жактагы 3 кабырга сынган. Операция болот. Суроолор жаралып калбашы үчүн бул жерден да наркологияга кан тапшырып, текшерилип койдум. Азыр менин ойлонгонум экинчи унаадагы жабыр тарткандар. Аман-эсен сакайып кетсе экен дейм», - деди ал.

Максат Чойбеков

-----------------------------------------

Жол кырсык 7-декабрда саат 04:00 чамасында Бишкек—Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында болгон. М.Чойбеков башкарып бара жаткан «Мерседес» унаасы «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кичи автобустун айдоочусу Кант шаардык ооруканасына жеткирилип, РИИБдин жетекчиси да ооруканага кайрылган. «Мерседес-Спринтер» унаасында айдоочудан тышкары эки жүргүнчү болгон. Ал эми райондук милициянын башчысы унаасында жалгыз бараткан.

-----------------------------------------

Кырсыктан кийин Сокулук РИИБдин жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда тастыктады.

«Сокулук РИИБдин жетекчиси М.Чойбековдун катышуусундагы жол кырсык Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.Сотко чейинки өндүрүш иштерин толук жана объективдүү жүргүзүүгө Чүй ОИИБдин тергөө кызматы кийлигишкен. Ошондой эле Сокулук РИИБдин жетекчиси убактылуу кызматынан алынды.

Учурда бул иш ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Ички тергөө кызматы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×