Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусу, Ош 09.12.2019 09:37

Ошто диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу талкууланды

Turmush -  Ош шаарынын Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Нургазы Каримов билдирди.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Ажибаев, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын имамы Абдилазиз ажы Абдурахманов, аймактагы мечиттин имамдары, Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп директорлору, кварталдык комитеттердин төрагалары, аймактык паспорт-виза бөлүмүнүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү жана участкалык милициянын кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө экстремизм жана терроризмди алдын алуу, ички жана тышкы миграцияны көзөмөлдөө боюнча Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында иш алып барып жаткан мобилдик топтордун жумуштары талкууланып, кварталдык комитеттин башчылары отчёт беришти. Буга чейин аймактык башкармалыкта 12 мобилдик топ түзүлүп, алардын курамына кварталдык комитеттердин төрагалары, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, аксакалдар сотунун мүчөсү жана участкалык милициянын кызматкери кирген. Мобилдик топтор айына эки жолу үйлөрдү кыдырып, убактылуу келип-кеткен жарандардын санын тактап, чет өлкөгө кеткен үй-бүлөлөрдүн ал-акыбалы менен таанышып, тиешелүү профилактикалык иштерди алып барышат. Ошондой эле мигранттардын балдарын кароосуз жана таалим-тарбиясыз калтырбоо жана жаштарды социалдык тармактардан туура эмес маалыматтарды анализдөөгө үйрөтүү максатында иш алып барышат. Иш-чаранын жыйынтыгында мобилдик топтордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу багытында мектеп мүдүрлөрүнүн жана мечит имамдарынын бул багытта активдүү иш алып барышы керек экендиги жөнүндө чечимдер кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×