Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.12.2019 09:15

Ак-талаалык балбан кыз Калмира Россиядагы турнирде алтын медаль утту

Turmush -  Ак-Талаа районунан чыккан балбан кыз Билимбек кызы Калмира 7-8-декабрь күндөрү Россиянын Иркутск облусунда эркин күрөш боюнча өткөн эл аралык турнирде 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Калмиранын атасы жана машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулунун айтымында, кызы 53 кг салмактагылар арасында күч сынашты. Жыйынтыгында бардык атаандаштарын жеңди.

«6-жолу өткөрүлүп жаткан мелдешке кызым Калмира Кыргызстандын атынан катышып, чемпион болду. Аталган мелдеш Иркутск облусу тарабынан уюштурулган. Калмиранын мелдешке барган чыгымдарын демөөрчү Мурадил Сыдыков каржылады», - деди атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×