Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
08.12.2019 20:41

Новосибирск—Бишкек каттамындагы учак абага көтөрүлүп, кайра конду

Turmush -  Бүгүн, 8-декабрда Новосибирск шаарынан Бишкекке учкан Boeing 737-800 учагы абага көтөрүлгөндөн кийин кайра жерге конду. Бул тууралуу учактын жүргүнчүлөрү билдиришти.

Маалым болгондой, учак Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө конмок. Анын кайра жерге конуусуна учактын титирегени себеп болгон. Ичинде 200дөй жүргүнчү болгон. Мындан улам жүргүнчүлөр түшүрүлүп, үч саатка жакын күтүшкөн. Учурда алар кайра отургузулуп, учууга камынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×