Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.12.2019 16:01

Ата-энелер бала бакчага чогулткан акчанын дайынсыз жоголгонуна нааразы. Видео

Turmush -  Каракол шаарында бала бакчанын муктаждыгы үчүн ата-энелер тарабынан чогултулган 130 миң сом дайынсыз болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ата-энелер билдиришти.

Алардын айтымында, №13 бала бакчада ата-энелердин фонду бар, алар ага акча чогултушат. Учурда каражаттар эмнеге жумшалганы белгисиз.

Ата-энелер комитетинин төрайымы Г.Асанкожоева 2018-2019-окуу жылында чогултулган каражаттардын дайыны жок экенин айтты.

«Ата-энелер фондго банк аркылуу каражат чогултушкан. Биз ага керектүү техникаларды алууну пландап жатканбыз. Буга чейин бала бакчанын директору чыгымдардын сметасын эсептеген, ата-энелер ага макулдук беришкен. Сентябрда чогулган каражатка тиешелүү техникаларды алалы дегенбиз. Бирок шаардык билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси каражат жок экенин айтты», - деди ал.

Ата-энелер шаардык билим берүү бөлүмүнө арыз менен кайрылышканын билдиришти. Эгер тиешелүү чаралар көрүлбөсө тиешелүү органдарга кайрылышат.

Бала бакчада 380 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×