Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.12.2019 12:40

Түптө мигранттардын балдарынын саны эсептелди

Turmush -  Түп районунда эмгек мигранттардын 1659 баласы каттоого алынды. Бул тууралуу балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөн форумдун алкагында белгилүү болду.

Акимдин орун басары Эрмекан Дюшебаеванын маалыматына караганда, аймакта 13 миӊ 735 үй-бүлө бар болсо, анын 8,5 миӊге жакынын комиссия текшерген. Анын жыйынтыгында 1192 үй-бүлөдөгү ата-энелер мигрант болгондуктан алардын балдары жакын туугандарынын көзөмөлүндө экени аныкталган.

«Ысык-Көл облусунда жаӊы төрөлгөн ымыркайдан баштап, 18 жашка чейинки балдарга көӊүл бурулууда. Район боюнча 811 баланын ата-энеси эмгек мигранты болсо, 400 үй-бүлө ички миграцияда жүрүшөт. Учурда балдар кандай шартта жашап жатканын жер-жерлерде түзүлгөн штабдын өкүлдөрү текшерип, тактоо иштерин жүргүзүүдө», - деди Э.Дюшебаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×