Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.12.2019 09:25

Ысык-Көлдүн мектептерине электрондук журнал программасы кирди

Turmush -  Ысык-Көл районунун 30 мектебинде электрондук журнал ишке кирди. Бул тууралуу аким Данир Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, программа Россиянын программисттери тарабынан акысыз даярдалды.

«Колдонмо менен иш алып баруу боюнча мугалимдерге окуулар уюштурулган. Бул колдонмону уюлдук телефонго андроид жана iOS платформалары аркылуу көчүрүп алып, ар бир ата-эне өзүнүн баласынын кандай окуп жатканын текшерип, мугалимдер берген тапшырмаларды карай алат», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×