Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.12.2019 09:03

Кара-Көлдөгү ооруканага канча дарыгер жетишпейт?

Turmush -  Кара-Көл шаарында ушул жылдын 9 айында вирустук сарык оорусу менен 93 жаран катталды. Бул тууралуу жалпы дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Данияр Жунусов 5-декабрда өткөн шаардык кеңештин сессиясында билдирди.

Ал депутаттардын «ооруканада вирустук сарык менен ооруган дарыгерлер барбы?» деген суроосуна жооп берип жатып: «Сарык менен ооруган дарыгерлер бар. Бирок алар кан менен иштешпейт. Ушул жылдын ноябрь айына чейин медициналык кызматкерлердин 95%ы эмдөөдөн өттү. Мындан тышкары, жаңы төрөлгөн балдарга дагы сарыкка каршы эмдөө жасалат», - деп жооп берди.

Ошондой эле эл өкүлдөрү ооруканага канча дарыгер жетишсиз экенин сурашты.

«Бизге үй-бүлөлүк дарыгерлер, эндокринолог, педиатр, кардиолог, балдардын невропатологу, фтизиатр, реаниматолог, анестезиологдор керек. 2019-жылга чейин 15 дарыгер келген, айлыктын аздыгынан көпчүлүгү кетип калууда. Буга чейин кардиологубуз кетип калды. Дарыгерлерге кызматтык батирлердин жоктугу да көйгөй жаратууда. Учурда эки кызматкерибиз батирге муктаж», - деди Д.Жунусов.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев: «Бул маселе боюнча мурунку биринчи вице-мэрдин маалында комиссия түзүлгөн. Ал киши өтүп кетип, маселе калып калган эле. Сессияда бул маселе кайра көтөрүлүп, шаардык кеңештин социалдык маселелер жана бюджет боюнча комиссиясы карап жатат. Иш бүткөндөн кийин токтом менен аткаруу бийлигине жүктөлөт. Биз мугалимдер менен дарыгерлерге шарт түзүп келгенбиз. Кийинки жылга карата жыйынтык болот», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×