Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.12.2019 23:37

Балыкчыда жатак абактын базасында нан бышыруучу цех иштеп баштады

Turmush -  Балыкчы шаарында №51 жатак абактын базасында нан бышыруучу цех иштеп баштады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, цехтен жасалган нандар аскер бөлүктөргө, ооруканаларга, мектептерге, бала бакчаларга жеткирилет жана жалпы шаар тургундарына сатылат. Баасы базар баасынан кыйла төмөн. Учурда 500 килограммдан 1 тоннага чейин нан чыгарып жатышат.

Цех жатак абактын киреше берүүчү ишмердүүлүгүн жана социалдык тармагын өркүндөтүү, соттолгондордун жаза өтөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аларды эмгекке тартуу максатында иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×