Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.12.2019 21:00

Балыкчынын окуучулары зордук-зомбулукка каршы акцияга чыгышты

Turmush -  Балыкчы шаарынын мектеп окуучулары балдарга карата зордук-зомбулукка каршы акция өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мэриянын алдына шаардагы 10 мектептин окуучулары чогулуп, алар өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу максатында акцияга чыгышканын айтышты. Окуучулар «Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө», «Мектепте зордук-зомбулукка жол берилбейт» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүшүп, зомбулукту жоюу боюнча флешмоб уюштурушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×