Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Чүй облусуСокулук району 07.12.2019 18:55

Сокулук РИИБдин жетекчиси кабылган жол кырсык: Бир адамдын абалы оор

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Максат Чойбеков жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 7-декабрда саат 04:00 чамасында Бишкек—Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында катталган. М.Чойбеков башкарып бара жаткан «Мерседес» унаасы «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кичи автобустун айдоочусу Кант шаардык ооруканасына жеткирилген, РИИБдин жетекчиси да ооруканага кайрылган. «Мерседес-Спринтер» унаасында айдоочудан тышкары, эки жүргүнчү болгон. Ал эми райондук милициянын башчысы унаасында жалгыз бараткан.

«Тиешелүү экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, жол кырсыктын кесепетинен үч адам ооруканага түшкөн. Анын бири оор абалда.

«Бүгүн эртеӊ менен саат 05:30 чамасында жол кырсыктан жабыркаган 3 адам түштү. Биринин баш мээси чайкалып, оор жаракат алган. Экөө жеӊил жаракат алышкан» - деп билдиришти ооруканадан.

Ал эми РИИБдин жетекчисинин абалы жана учурда кайда экени белгисиз экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×