Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.12.2019 16:58

Түп айыл аймагында 203 жолбун ит атылды

Turmush -  Түп айыл аймагы боюнча 203 жолбун ит атылды. Бул тууралуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Канат Курманалиев билдирди.

Анын айтымында, жолбун иттерди атуу жана аларды атайын жабдылган жайга көмүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүнгөн.

«Каракол шаарындагы мергенчилер союзунун мергенчилерине 203 ит аттырдык. Атылган иттерди атайын беккари чуңкуруна алып барып көмдүк. Район боюнча беккари чуңкуру бизде гана болгондуктан башка жактан атылган иттердин сөөгү дагы ушул жерге алынып келүүдө», - деди К.Курманалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×