Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.12.2019 16:05

Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолуна инерттик материалдар себилди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагындагы унаа жолдорго инерттик материалдар себилүүдө. Бул тууралуу Түп райондук №4 жол тейлөө ишканасынын башчысы Канат Кыдырбаев билдирди.

Анын айтымында, инерттик материалдар Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 156-207-чакырымына себилди.

«4 техника иштеп жатат. Жолго туз, кум, шагыл себилди. Мындай иштер жол кырсыктарын алдын алуу жана унаалардын тайгаланбай жүрүшүнө шарт түзүү максатында жасалууда», - деди К.Кыдырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×