Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 07.12.2019 10:52 На русском

Ак-Талаа райондук соту менен аксакалдар сотунун биринчи жолугушуусу өттү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук соту менен аксакалдар сотунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 5-декабрь күнү райондук соттун кеңсесинде райондук соттун төрагасы Азат Доулбеков, судья Жаныбек Жумаков, райондук администрациянын жетектөөчү адиси Бурул Максүтова жана айылдагы аксакалдар сотунун өкүлдөрү жолугушкан. Анын жүрүшүндө мыйзамдын негизинде ишти кароо, мөөнөттөр, чечим кабыл алуу, аксакалдар сотторунун чечимдеринин аткарылышы жана аткаруу барактары боюнча усулдук жардамдар көрсөтүлдү.

Ошондой эле мындан ары да усулдук жардамдар жана тыгыз байланышта болуу, бирге иш алып баруу маселеси талкууланды. Соңунда аксакалдар сотторунун төрагалары кеңешме өз максатына жеткенин, мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жатканын белгилешип, каалоо-тилектерин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×