Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ош облусу, Ош 06.12.2019 18:05 На русском

Чек арадагы коррупциялык иштерди ачыктаган подполковник: Өмүрүм коркунучта

Талгат Аланов
Талгат Аланов

Turmush -  27-ноябрда Ош облусундагы «Эркечтам» жана «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетиндеги коррупциялык иштерди ачык айтып чыккан Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлүн уюштуруу бөлүмүнүн подполковниги Талгат Аланов аймактык кабарчыга өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын билдирди. Анын айтымында, жумушунда ага карата куугунтук болууда.

«Бүгүнкү күндө айрым чек ара кызматкерлеринин коррупциялык иштерин айтып чыкканым үчүн алар менин өмүрүмө коркунуч жаратып жатышат. Биринчиден — жетекчилик тараптан куугунтук болууда. Эмгек өргүүгө жибербей, мени каралоо максатында ар кайсы аскер кызматкерлеринин атынан менин үстүмдөн жалган маалыматтарды жаздырып, аларды Аскер прокуратурасына жөнөтүүнү пландап жатышыптыр. Кимдин эмне деп жазганын азырынча билбейм. Андан башка да түрдүү маалыматтар келип жатат. “Этият бол, сак бол” деп айтышууда. Жашыруун номурлардан чалып, ачык эле коркутуп жатышат. Азыр жетекчилик эмгек өргүүгө коё бербей жаткандыктан Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылып жатам. Андан кийин президенттин кабылдамасына чейин барып, коррупциялык иштер боюнча толук маалымат берейин деп даярданып жатам», - деди Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызманын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Ажиевдин маалыматы боюнча Талгат Аланов бала кароо үчүн эмгек өргүү сураганын тастыктады. Бирок Талгат Алановдун эмгек өргүү үчүн ала турган күндөрү бүтүп калганын билдиришти.

«Аскер кызматкерине бала кароо үчүн өргүү бала апасы жок тарбияланып жатса, апасы каза болгон учурда, энелик укуктан ажыратылган учурда, энеси узак убакытка ооруп, дарылоо бөлүмдөрүндө жатканда жана баланы кароо мүмкүнчүлүгү жок учурда гана берилет. Талгат Алановдун үй-бүлөлүк абалы бала кароо үчүн өргүүгө чыгууга дал келбейт. Учурда жубайы менен чогуу балдарын тарбиялап жатышат. Т.Аланов 2019-жылы бир жылдык эмгек өргүүгө толук чыккан.

Чек ара кызматкерлери Т.Алановдун үстүнөн жалаа жаап, каралоо боюнча арыздарын жазды деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Т.Алановдун маалымат жыйында айткан маалыматтары боюнча Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин Талгат Аланов Ош облусундагы «Эркештам» жана «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекеттериндеги кызматкерлер туристтерден 200 доллар жана 600 доллар алышканын айтып чыккан.

«Ушул эле жылдын жай айында "Ош" эл аралык аэропортун текшерип жүргөндө туризм министринин кеңешчиси телефон чалып, "Достук" бекетинен кытайлыктардын дипломатиялык унаасындагы жарандардан 600 доллар алыптырсыңар деди. Андан мурун эле кеңешчи ошол кытайлык жарандарды чек арадан өткөрүп коюуну өтүнгөн. Мен "Достук" бекети менен байланышып, карап койгула деп эскерткем. Мен дайындаган адам жумуштары менен башка жакка кетип калып, чек ара кызматкерлери кытайлык жарандардан 620 доллар алып коюшуптур. Ал жерде видеокамералар бар. Мен териштирип, ким алганын тапкам. Акчаны кайра кеңешчиге кайтарып бергенбиз. Бирок кийин күнөөсү жок кызматкер жумуштан алынып, чыныгы күнөөлүү алынган жок», - деген Талгат Аланов.

Бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Адылбек Сейдалиев подполковник айткан дооматтарды четке каккан.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×