Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Нарын облусуКочкор району 07.12.2019 09:12

Тагдыр: Максатсыз жашоону артка калтырган Суусардын ийгилиги

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 24 жаштагы тургуну Суусар Таалайбек кызы майып арабада күн кечирип келет.

Суусар Таалайбек кызы там-туң басып, мына эми кадам шилтейм деп жатканда 11 айлыгында дене табы көтөрүлүп ооруп калган. Апасы дарыгерлерге алып барып текшерүүдөн өткөрүп, акыры буту баспай калганын билген.

Мен бактылуумун

- Мен столду тегеренип басканга жарап, 11 ай болуп калган кезде дене табым 40 градуска көтөрүлүп ооруп калыптырмын. Бул аралыкта өпкөмө да суук тийип калыптыр. Эч кандай диагноз табылбай жүрүп, акыры апама «шал оорусуна каршы ваксинация таасирин бербей, буту баспай калган» деп түшүндүрүшүптүр. Балалыгым терезени кароо менен өттү. Эшикте ойноп жаткан балдар менен ойногум келип, эшикке балдак менен чыгып, аларды карачумун. Алар деле бала да, чуркап келип ойноп, кайра кетип калышчу. Күн тийген жерде көп убакыт отурсам күн өтүп, көлөкө жерге отурсам суук тийип калчу. Ата-энем мени аяп, балдардын алдында басынып калбасын, чүнчүбөсүн десе керек. Орто мектепти да окуган жокмун. Апам тамга таанытты. Ырчылардын маеги бар гезиттерди көп алып келчү. Мен алардын сүрөтүн карап, эмне жазылганына кызыгып жатып, билбеген тамгаларды апамдан сурап окучумун. Көрсө апам байкуш мени окууга кызыктыруу максатында алып келчү экен. Улам чоңойгон сайын жашоом ушундай болуп, терезени кароо менен күн өткөрөмбү деп депрессияга түшүп да жаттым. Анткени үйдөн чыкпай, эч ким менен баарлашпай жата берип, дүйнөдө жалгыз мен эле арабада күн кечирем деп ойлогом.

Райондун борборун укмуш шаардай элестетчүмүн. 2015-жылы биринчи жолу коомго аралаштым. Өзүмдөй балдар менен курста окудум. Ошондо менин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Арабада отурганым маанилүү эмес экенин түшүндүм. Менин абалымдан төмөн акыбалдагы замандаштарым бар экенин көрүп, жаратканга, ата-энеме, туугандарыма ыраазы болдум. Мен азыр өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алууну, жашоону сүйүүнү үйрөндүм. Мурун орто мектепти окуп бүткөн эмесмин деп айткандан уялчумун. Азыр мен уялбай, намыстанбай эле айта алам. Мен бактылуумун!

Өзүмө мотивация бергенди үйрөндүм

- 2018-жылы Бишкек шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бекер окуу курсунда окуп келдим. Аны чет элдик уюмдар каржылады.

Мага окшоп арабада отурган Гүлбарчын деген эжени социалдык тармактан таап алып, аны менен байланышып жүрчүмүн. Бир күнү ал эже мага байланышып, «Суусар, сенин колуң жакшы кыймылдайбы? Колуң менен жумуш жасай аласыңбы?» деп сурады. Мен эжеге «бутум эле баспаганы болбосо акылым тунук, колум иштейт» деп жооп бердим. Ал «эртеңден калбай Бишкекке кел, окуйсуң» деди. Мен ал күнү ата-энеме эч нерсе айтпай жатып алдым. Эртең менен кийимдеримди жыйнап, Бишкекке окууга кетем деп баштадым. Ата-энем таң калып, макулдугун берип, айылдан райондун борборуна салып жиберишти. Ошентип өзүм жалгыз окуй турган мейманканага бардым. Мени эч ким жалгыз келет деп ойлобосо керек. «Баары эле өзүң жалгыз келдиңби?» деп сурап жатышты. Бул жакта бизге бардык шарттар каралган экен. Эч кандай ыңгайсыз көрүнүш болгон жок. Бул жактан мен өзүмө мотивация бергенди үйрөндүм. Себеп дегенде ар кандай дарт менен жабыркап, майып болгон замандаштарым менен сүйлөшүп, ар биринин тагдырын уктум. Ишенесиздерби, кызынын майыптыгынан уялган энелер, «сенин барыңдан жогуң жакшы» деп кол салууга аракет кылган аталар да бар экен. Ушундай окуяларды угуп ата-энемден, бир туугандарымдан: «Мени арабага сүйрөп көчөгө чыккандан уялбайсыңарбы?» деп сурадым. Ата-эне баласын колдой алса, бала психикалык, физикалык жактан күчтүү болоруна ишендим.

Окуу курсунан макияж, тырмак жасоону жана кирпик узартууну үйрөнүп келдим. Азыр айымдарга тырмак, кирпик жасап берем. Акча табууга аракет кылбайм. Биздей адамдарга мамлекет жакшы шарт түзүп берген эмес. Эң эле жөнөкөйү коомдук жайларда, мекемелерде пандустар жок. Айрым жерлерде бар, бирок алар да стандартка жооп бербейт. Ал жерден өз алдыңча араба менен өтөм десең жыгылып каласың. Мындан сырткары биз көчөгө чыксак башкача көз карашта караган адамдар бар. Элге жаңы аралаша баштаганда корунуп жүрчүмүн. Азыр мени бирөөнүн көз карашы, мамилеси ойлондурбайт. Бирок башкалар бизди майып деп айтса оор тиет.

Унаа айдагым келет

- Быйылкы 2019-окуу жылынан тартып Кочкор районундагы №15 кесиптик лицейде тикмечилик боюнча окуп жатам. Тигүүчү машинаны бут менен башкарабыз. Менин бутум эч нерсени сезчү эмес. Бут менен башкарууга аракет жасап көрдүм. Жыйынтыгында бутум менен башкара алдым. Абдан сүйүнүп, апама «бутум менен кийим тигүүчү машинаны башкара алдым. Демек мен унаа да айдай алам. Эми мен айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуйм. Иштеп, унаа алам» деп айттым. Алдыга максат коюп жашоодон коркчумун. Эми мен эч нерседен коркпой жана өзүм каалагандай жашай алам. Жанымдагыларга оордук келтирбей жашагым келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×