Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.12.2019 14:46

Балдар үйүнөн качып, кийин Жети-Өгүзгө келген казакстандык Асылбектин тагдыры

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 21 жылдан бери паспорту жок жашаган казакстандык Асылбек жакындарын издеп жатат.

Асылбек Кундузбаев Казакстандын Павлодар шаарынан Жети-Өгүз районунун Оргочор айылына 9 жашында келген. Ал учурда 30 жашта. Өздүгүн аныктоочу документинин жоктугунан туулган жерине бара албай жаткандыгын айтат.

«Менин ата-энем 4 жашымда ажырашып кеткен. Апам ар кандай жумуштарда иштеп жүрчү. Мени караганга адам жок болгондуктан балдар үйүнө өткөргөн. Бирок мен ал жерге турбай, үйгө качып кетчүмүн. Ошентип мени кошуна эженин энесине Кыргызстанга алып кет деп берген. Тил кат жазып, 10 жыл Казакстанды көрсөтпө дептир. Мени ал аял 9 баласына кошуп бакты», - дейт Асылбек.

Ал мектепке барган эмес.

«Мени багып алган Бүкөш энем 95 жашта. Бул жактан тапкан бир туугандарымдын малын багам. Туулган жериме барып, эгиз инилерим Адылбек менен Айбекке кезикким келет. Бирок паспортум жок эч жакка чыга албайм. Кыргызстанда жашаганыма 21 жыл болду. Бул жактын жарандыгын эле алсамбы деп жатам. Бирок окубагандан кийин кантип документ алышты билбейм», - деди Асылбек Кундузбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×