Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Талас облусу, Талас 07.12.2019 19:30

Эл ичи – өнөр кенчи: Студент А.Жолдошова хоббиси аркылуу киреше табууда

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Айганыш Жолдошова ар кандай кооздуктагы кийимдерди токуп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылында төрөлгөн. Учурда Талас мамлекеттик колледжинде фармацевт адистигинде 3-курста окуп жатат.

«Кол өнөрчүлүккө кичине кезимден бери кызыгам. Ал убакта апам бизге ар кандай кылып байпак, жемпирлерди токуп берчү. Мен дагы апамдан токуганды аз-аздан үйрөнүп алгам. Кийин шаардан ар кандай кооздуктагы гүлдөрдү жасап баштадым. Андан соң ар кандай кооздуктагы кийимдерди токуй баштадым. Кийим токуп баштаганыма эжем себепчи болду деп ойлойм. Себеби эжем дагы башкача стилде кылып кийимдерди токучу. Ошондон көрүп кызыгып, мен дагы токуюн деп чечкем. Тилекке каршы Таласта андай жиптер жок болгондуктан Бишкектен буйрутма берип алдыртыш керек экен. Былтыр ошол үчүн токуу иштерин баштай албай калдым. Токуунун өзүм билбеген жерлерин интернеттен карап үйрөнүп алам. Түшкө чейин сабакка барып, түштөн кийин бошогондо отуруп алып токуйм. Азыркы учурда буйрутмалар Бишкектен, Таластын өзүнөн келип жатат. Көбүнчө кичинекей балдардын байпактарына, баш кийимдерине буйрутма беришет. Баалары 250 сомдон 1700 сомго чейин барат», - деди ал.

Чебер кыз үй-бүлөдө 9 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×