Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Талас облусуТалас району 07.12.2019 16:20 На русском

Жаш талант: 15 жаштагы жөө күлүк Майрамдын алгачкы ийгиликтери (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Үч-Эмчек айылынын 15 жаштагы тургуну Майрам Күмүшбек кызы 5 жылдан бери чуркоо боюнча мелдештерге катышып, Талас облусунун намысын коргоп келет. Аймактагы кабарчы жөө күлүк кыздан кабар алды.

Анын айтымында, 4-класстан баштап эле чуркоого кызыга баштаган.

«Биздин мектептин окуучулары чуркоо боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип келип жатканы мага өзгөчө шык берди. Алардын сыйланып жатканын көрүп, өзүмө эмне үчүн мен дагы ушундай деңгээлге жете албайм деп суроо бере баштадым. Агай командадагы мектепти аяктап кеткен жөө күлүк окуучулардын ордуна кийинки класстын окуучуларын кошуп жаткан экен. Мен дагы барып жазылып алгам. Бирок ошол учурда өзүмө алган чоң милдетти сезип, корко баштадым. Үйгө келгенде ата-энеме айтсам атам дагы мени колдоп, машыгуу үчүн шарттарды түзүп берди.

Биринчи жолу мелдешке барганда 500 метр аралыкка чуркагам. Атаандаштардын көбү менден улуулар болчу. Аракетимди жумшап, 2-орунду алып келгем. Ошондон бери машыгууну токтоткон жокмун. Чуркоонун дагы өзүнүн сырлары болот. 1 күндө 2 маал чуркайм. Эртең мененкисин сабакка чейин 1 саат чуркап келем. Сабактан кийин саат 18:00гө чейин чуркап машыгам. Кечки саат 20:00дөн кийин машыгуу токтойт. Анткени ал учурдагы машыгуу бизге пайдасынан да зыяны көп болуп калышы мүмкүн.

Учурда 18 медалым, 24 грамотам бар. Өткөн жылы «Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө» аттуу мелдеште Талас облусунан тандалып чыгып, Ысык-Көл облусундагы турнирге катыштым. Анда 4-орунду алып келдим. Ушундай жетишкендиктердин артынан республикалык деңгээлдеги мелдешке катыштым. Бирок ал жерден биринчи күнү 4-орунду алып калдым. Ызаланып, эртең сөзсүз жакшы орунга илинишим керек деп өзүмө сөз бергем. Ойлогон оюм ишке ашып, ал мелдеште 2-орунду алдым. Азыркы учурда келерки жылы 1-орунга жетүү үчүн аракет көрүп жатам. Келечекте чуркоону таштабастан көп ийгиликтерди багындырам деп максат коюп жатам», - деди ал.

Жөө күлүк кыз 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×