Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ош облусу, Ош 08.12.2019 10:11

Чет өлкөлөрдө күлүктөрдү таптаган 18 жаштагы саяпкер Руслан Ошто жорголорду мелдештерге даярдап жатат. Видео

Turmush -  18 жаштагы Руслан Нурлан уулу Нарын облусунан Ош шаарына келип, күлүктөрдү, жорго аттарды таптап жатканына 1 жыл болду. Буга чейин ал Бишкек шаарында жана Казакстанда аттарды мелдештерге даярдап жүргөн. Жаш саяпкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Руслан 3-класстан баштап ат минип, мелдештерге катышчу. Учурда өзү да жокейлерди даярдайт.

«Атка кичинекей кезимден эле кызыгам. 3-класста окуп жүргөндө Азамат деген агам ат мингенди үйрөтүп, мелдештерге катыштырып, кызыгуум күчөдү. Эки жыл даярдангандан кийин жокей болгом. 12 жашымда биринчи жолу мелдешке катышып, 29 катышуучунун ичинен биринчи келгенбиз. Кичинекей болгондуктан мелдешти жеңген сайын эмоцияга алдырып ыйлап алчумун. Жокейдин салмагы 38-39 килограмм болушу керек. Жокей боло турчу баланын такымы (тизенин бүгүлгөн ички тарабы) бекем, билеги күчтүү, психикалык, физикалык жактан жакшы даярдыкта болушу керек. Жокейлерди аттан жыгылып же ат качып кетсе, өзүн жоготпой, дароо туруп кетүүгө даярдайбыз. Алар кышында аттын үстүнөн түшпөй, 4-5 саат минишет», - дейт Руслан Нурлан уулу.

Анын айтымында, мелдешке түшө турган аттар таза кандуу болушат. Жылкылар Россия, Франция жана башка чет өлкөлөрдөн алынып келет. Аттардын ээси аларды тандап жатканда күлүктөрдү даярдаган адам менен кеңешет.

«Учурда сарайда жети ат бар. Күлүктөрдү сатып алгандан кийин атасынын же энесинин атына уйкаштырып ысым ыйгарабыз. Мисалы Аврора, Ханыша, Платина, Катюша сыяктуу аттар бар. Мүнөзүнө карап чуркатып, жем беребиз. Кээ бир жылкыларга тегеренип чуркаган жакса, кээ бирине бийик тоолор жагат. Аттын маанайы жок болсо, менин да маанайым жок болот. Эртең мененки саат 4-5 чамасында жем беребиз. Саат 11:00дө минип чыгып кетебиз, кайра саат 17:00дө чөп салабыз. Минип чыгарда, кайра сарайга келгенден кийин терисин тез-тез тазалап турабыз. Мелдештер жазында башталат. Байгелер ар түрдүү болот. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында байгеге 1 млн, 800 миң, 700 миң сом коюлган. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чагылган аттуу жоргом биринчи келген.

Мелдештерде аттар өлүп калган учурлар да кездешет. Бир ат маарага жетип келип, жүрөгү жарылып өлүп калган. Бирок ээсине байгесин беришкен. 29-октябрда Таш-Көмүрдө өткөн мелдешке Ханыша деген атыбыз катышкан. Капар деген агабыз атты сүрөп, кыйкырып чуркап жүрүп, күлүгүбүз унаа утуп келген. Атты мелдештен соң 1 ай эс алдырабыз. Бирок күлүккө салмак коштурбай, карап туруш керек», - деди 18 жаштагы Руслан.

Анын айтымында, мелдешке катышкан аттардын баасы 10 миң долларга чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×