Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Талас облусуБакай-Ата району 06.12.2019 12:47

Америкалык жубайлар Таласка келип, кыргызча ысымдар коюлуп, мектепте иштеп жатышат. Видео

Turmush -  Америкалык 28 жаштагы Мелисса Хав жолдошу Калин экөө Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы мектепте англис тилчи мугалим болуп иштеп жатышат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алардан кабар алды.

Мелиссанын айтымында, 26 жаштагы жолдошу Калин экөө Американын Түндүк Каролина деген жеринде чоңоюшкан.

«Калин экөөбүз келишимдин негизинде Кыргызстандын Талас өрөөнүнө 2 жылга келгенбиз. Биз келердин алдында атайын жашай турган үй-бүлө тандап алдык. Биз келе турган айылдан 5 там көрсөтмөгө коюлду. Жолдошум экөөбүз шарты жакшы үй-бүлөнү тандап келдик. Айылга келгенде коноктор көп келди. Сөзсүз мал союлат экен. Атайын жоолук, калпак кийгизишти. Бизге жоолук менен калпак кийген абдан жарашты. Азыркы учурда экөөбүз мектептерде анлис тилинен сабак беребиз. Мен кичинекей мектепте (Д.Дооронбеков атындагы мектеп) сабак берем. Жолдошум чоң мектепте (Б.Сатыбеков атындагы мектеп) сабак берет. Экөөбүз жумуштан барганда да кыргызча сүйлөйбүз. Ал чоң мектептеги маалыматтар менен бөлүшөт (күлүп). Жумушум кызыктуу өтөт. Окуучулар берилүү менен сабак окуйт. Баары жакшы окуган окуучулар. Кесиптештер да жакшы адамдар, аларды сыйлайм. Алар мага жакшы нерселерди үйрөтөт. Жайкысын атайын кооз жерлерге саякатка чыгабыз.

Мага бул жер абдан жакты. Кыргызстандын жери кооз, адамдары абдан жакшы экен. Тоолору бийик, эң башкысы кар бар экен. Бизде кыш болбойт. Бул жакта кыш болот экен. Мага кар абдан жакты. Алыстан келдиңер деп сыйлап турушат. Көп жерлерге алып барып, кооз жерлерди көрсөтүп жатышат. Мени бул жактагылар Малика деп айтышат. Жолдошумдун кыргызча аты Калыбек. Экөөбүздү кыргызча ысымдарыбыз менен чакырышат.

Сабактан сырткары атайын ийримдерди өтөбүз. Ар бир күнүбүз сонун өтөт. Мен кыргызча эркин сүйлөйм. Калыбек болсо менден да жакшы сүйлөйт. (күлүп). Бул жактан көп нерселерди үйрөндүк. Буйруса өзүбүздүн жерибизге барганда сөзсүз жакындарыбызга үйрөтөбүз. Тамак-аштардан манты, самса, оромо, бешбармак жакты. Булардын баарын жасаганды үйрөндүм. Тоок этинен да жасалган бешбармак абдан жакты. Аны тамшанып жейбиз. Атайын төө буурчак сорттодук. Айдоо жерлер менен жакындан тааныштык. Жаңы келгенде көнө албай жүрдүк. Акырындык менен элге аралашып кеттик. Үй-бүлөбүз менен телефон аркылуу байланышып турабыз. Аларды да абдан сагындык. Буйруса 1 жылдан кийин жерибизге кайтабыз», - деди Мелисса айым.

Айылдагы Д.Дооронбеков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Зарема Амангелдиева Америкага барып билим алуу үчүн азыртадан жакшы окуп, Мелисса-Малика эжекеси менен англис тилинде көп баарлашып жатканын билдирди.

«Мен Америкага барып окууну кыялданам. Малика эже бизге Америка жөнүндө кызыктуу маалыматтарды көп айтып берет. Өзү дагы сабакты жакшы өтөт. Мен эжеке менен англис тилинде көп баарлашам. Бизди өз оюбузду кенен түшүндүрүп берүүгө үйрөтөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×