Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.12.2019 12:45

Караколдун депутаттары вице-мэр Сеит Өскөнбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Turmush -  Бүгүн, 6-декабрда Каракол шаардык кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз сессиясы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сессияга шаардык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 26 депутат катышты. Алар вице-мэр Сеит Өскөнбаевдин кызматтык жүрүм-турумун карашып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Буга чейин жер маселеси боюнча шаар тургундары С.Өскөнбаевге нааразычылык билдирип, арыз менен кайрылышкан.

С.Өскөнбаев вице-мэр кызматына келгенде депутаттар ага эскертүү беришкен. Сессияда ага шаардык кеңештин 22 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Ал вице-мэрлик кызматка 2018-жылдын 10-декабрында шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×