Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Чүй облусу, Токмок 06.12.2019 11:25

9 жаштагы Темирлан мектепке кеткен бойдон дайынсыз

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 9 жаштагы тургуну Темирлан дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын атасы Эсен билдирди.

Анын айтымында, уулу кечээ, 5-декабрда саат 12:00дө үйдөн мектепке чыгып кеткен.

«Ал түштө окучу. Биз аны мектепте деп ойлогонбуз. Кечинде саат 18:00дө үйгө келип калчу. Мугалимдерден сураштырсак мектепке барбаптыр. Милицияга арыз жаздык. Өзү тынч жүргөн бала. Буга чейин балдар менен ойноп, кеч келген учуру болгон. Бирок башка балдардай тентип же компьютердик клубдарга кетчү эмес. Үйдө компьютери бар. Мектеп менен үйдүн ортосу он мүнөттүк жол», - деди ал.

Темирланды көргөн-билгендер атасы Эсенге 0 708 70 00 56 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×