Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Нарын облусуКочкор району 06.12.2019 10:06

Кочкордо малчылар ок аяганы үчүн чөөлөр көбөйүп жатабы?

Turmush -  Кочкор районундагы мергенчилер коомдук малга кол салган жырткычтардын терилерин өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жанында Кочкор районундагы мергенчилер коомунун төрагасы Таалай Осмоналиев жетектеген мергенчилер атылган жырткычтардын терилерин комиссиядан өткөрүшкөн. Таалай Осмоналиевдин айтымында, бир айдын ичинде 11 чөө атылып жок кылынган.

«Шамшы айылында бодо малдарды кырып жок кылып жаткан жети карышкырдын экөө атылды. Эки карышкырдын териси көрсөтүлүп, кулактарына бирка басылды. Ошондой эле 11 чөөнүн кулагына бирка басылып, баштары кесилди.

Токой ичиндеги жан-жаныбарларды чөө менен норка (ач күзөн тукумуна жатуучу жырткыч айбандын бир түрү) кырып жок кылып жаткандыгына байланыштуу райондо чөө, норкалардын санын азайтуу чечими кабыл алынган. Азыркы учурда малчылар чөөлөргө ок короткусу келбейт. Ошонун натыйжасында чөөлөрдүн саны өтө эле көбөйүп баратат. Алардын санын кыскартуу аракетин көрүп, жаныбарлардан жугуучу кутурма оорусунун алдын алуу иштерин жүргүзүүдөбүз», - деди ал.

Мергенчилер карышкырдын терисин райондо түзүлгөн комиссияга көргөзгөн соң, кулактарына бирка басылып, териси кайра өздөрүнө кайтарылып берилет. Мамлекет тарабынан бир карышкырдын терисине 6000 сом, чөөнүкүнө 2000 сом акчалай сыйлык каралган. Анын ичинен киреше салыгы жана Соцфонддун үлүшү кармалгандан кийин карышкырга 4600 сом, чөөгө 1500 сом акча каражатын колго алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×