Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Чүй облусуПанфилов району 06.12.2019 09:02

Күрпүлдөктө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу маселеси талкууланды

Turmush -  Кечээ, 5-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Күрпүлдөк айылында айылдагы жетекчилердин жыйыны өттү. Анда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жыйынга жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, мечиттин, мектептин кызматкерлери катышты.

Жыйында айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңылмурза Баязова таза коомду түзүү үлгүлүү үй-бүлөдөн, таза айылдан, ар бир жарандын жаңылануусунан баштала тургандыгына, сергек жашоо образын түзүүгө токтолду. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу маселесин башка айылдарга да жеткирүү, айыл өкмөтү боюнча бирдиктүү аракет жүргүзүү зарылчылыгын белгиледи. Ал эми айылдык аксакалдар сотунун 67 жаштагы төрагасы Сатыбай Шерботоев мындай пикирди колдоо менен жаштарга үлгү болууну улуу муундар да колго алууну, айылдын касиеттүүлүгүн, улуттук баалуулуктарды сактоо айылдан баштала тургандыгын айтты. Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Айдаркүл Абдрахманова алкоголдук ичимдиктердин ден соолукка зыяндуулугун турмуштук мисалдар менен түшүндүрдү. Катышуучулар жалпы элге, жаштарга, айылдык дүкөндүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгына токтолушту.

Панфилов районундагы Күрпүлдөк айыл аймагында Күрпүлдөк, Киров жана Ровное айылдары жайгашкан. Анда көп улуттуу 3570ден ашуун адам жашайт. Алар негизинен мал жана айыл чарбасы менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×