Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2019 16:16 На русском

Видео, сүрөт — Чаектеги Ак-Секи аймагынын жашоочулары нааразычылык акциясына чыгышты

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Ак-Секи аймагынын 50гө чукул жашоочулары таза суу көйгөйүн айтып, нааразычылык акциясына чыгышты.

Бүгүн, 5-декабрда райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулган тургундарды район акиминин биринчи орун басары Бакыт Женалиев, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов жана айыл өкмөттүн алдындагы «Таза суу» муниципалдык ишканасынын башчысы Жеңиш Осмонов кабыл алды.

Жергиликтүү тургундар Ак-Секи аймагындагы Б.Бабаев атындагы көчөдө жайгашкан 2 суу түтүгүнөн суу чыкпастыгын, 100 метр аралыктагы башка түтүктөрдөн ташып жатышканын, кийин ал жерден да суу такыр чыкпай, Жумгал суусунан, мал ичкен суудан ичип жатышканын айтышты. Ошондой эле аталган көчөдө таза суу акыркы 10 жылдан бери эле көйгөй болуп келгенин, тамчыласа да суу чыгаруу керектигин кошумчалашты.

«Ак-Секиде мурда таза суу жакшы эле чыкчу. Үйүнө киргизип алгандар сууну сарамжалдуу пайдаланбай огород сугарып, малга берип жатышат. Анысы аз келгенсип мончо жаккандары да бар. Ак-Секиге келе турган сууну Ак-Татыр айылы бууп салат. Кээ бир көчөлөрдө суу тынбай агып турат. Эмне үчүн көзөмөл жок, эмне үчүн иштебейсиңер? Бала-чакалуулар суу ташып иче албай жатышат. Биздин көчөдө 2 суу чоргосу бар. Экөөнөн тең суу чыкпай калган. Жогору тараптагы эки чоргодон ташып ичип жатканбыз. Суу чоргосуна жакын жашаган үй ээлери суу тоңуп, жылгаяк болуп жатат деп жаап салышыптыр. Эми биз каяктан ташып ичебиз же силер ташып берип турасыңарбы? Ушунча жылдан бери күтүп чарчадык. Таза суу эмес, арыкка да суу келбейт. Сууга жетпей, кургаган бака болдук», - деди тургундар.

Акимдин орун басары Бакыт Женалиев таза суу боюнча долбоор жазылганын, ал бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланып, 2020-жылдан баштап долбоор ишке кирерин айтты.

Ал эми Чаек айылдык кеңешинин депутаты Барчынбек Орозобеков: «Суунун башчысы Жеңиш Осмоновду акыркы 2 жылдан бери кетире албай койдуңар. Жазында депутаттар чогулуп айткан элек. Анда силер «Осмонов сентябрда 70 жашка чыгат, ошондо кетирели» дедиңер, биз «макул» дедик. Сентябрда айтсак, «эми 70 жылдыгын берип, чапан, калпак кийип кетет экен» дедиңер, ноябрь болду. Ноябрь келгенде да дагы бир козгодук. Анда «тойканада той бергени жатат» деп жооп узатып, тоюна барып, жылкысынын этин жээп, чапан кийгиздиңер. Эми канчага чейин отурат?

Жооштугуңардан ар ким көчөдөгү суу чоргону жаап жатат. Эмне үчүн өздөрү жаап алат, аларга ким уруксат берди? Силерге мамлекет укук берген, эмне үчүн айып салбайсыңар? Коомдук мончолор, тамактануучу жайлар сууну кандай колдонуп жатканын, сууга акыны кандай төлөп жатышканын текшербейсиңер. Ак-Секинин эли куурап жатыптыр деп жаңы жылда акция уюштуруп, 2 чакадан суу ташып барып берелиби. Жергиликтүү бюджеттен таза сууга деп 230 миң сомдой жеңилдик каражатын бөлүп бердик. Элдин убалына калбай кызматтан кеткиле, жаштарды, тажрыйбалуу адамдарды алып келгиле. Эмне үчүн биз күтүшүбүз керек, кызматтан алгыла», - деди.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов элдин таза суу маселесин чечип берүү үчүн алар менен чогуу көйгөйдү жеринде көрөрүн билдирди. Ошондой эле «Таза суунун» башчысын кызматтан ала турганын айтып, элди тынчтыкка чакырды.

«Бул суу ичкен суу. Айрым кошуналарыңар жана Ак-Татыр айылындагы үйлөрүнө суу киргизип алган жарандар огороддорун сугарып, сууну туура пайбаланбай жатышпайбы. Суунун баары жерге агып жатат. Сууну үйгө киргизерде 1-2 метр тереңдикте казып киргизишибиз керек. Аны укпай эле 50-60 см казып эле киргизип алып жатышат. Түтүгү кышында тоңуп калып жатат. «Таза сууга» жаш бала алганбыз. Аныбыз 1,5 ай иштегенден кийин «иштей албайм» деп кетип калды. Эми чыдай туралы, жеринде суу маселесин чечип бергенге аракет кылалы», - деди айыл өкмөт башчысы.

Ал эми «Таза суунун» башчысы Жеңиш Осмонов Чаек айылынын көчөлөрүндө суу тоңуп, авариялык абал жаралып жатканын, аларды калыбына келтирип жатканын билдирди. Ошондой эле эскилиги жеткен суу түтүктөр жарактан тез эле чыгып жатканын айтып, элден кечирим сурады. Аны менен катар кызматтан кете турганын да билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×