Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусу, Баткен 06.12.2019 13:50

Айыл турмушу: Улуту татар 80 жаштагы Рабиба апа Баткенде бухгалтер болуп иштеп жатат (видео)

Рабиба апа
Рабиба апа

Turmush -  Баткен шаарынын 80 жаштагы тургуну Хамидулина Рабиба апа 20 жылдан ашык убакыттан бери облустук ардагерлер кеңешинде бухгалтер болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, татар элинин кызы. Бирок кыргызча так сүйлөп, кыргыз элинин каада-салтын жакшы билет.

«Атам Абдрахман Хамидулин орто мектепти аяктаган соң 1930-жылы Фергана шаарына келип окуп калыптыр. Анан апам Нафиса Хамидилунга баш кошкон. Окууну аяктаган соң Баткен шаарына келип жашап калышкан. Мен 1940-жылы ушул жерде төрөлгөм. Атам Баткен районундагы колхоздордо иштеп, ардактуу пенсияга чыгып каза болду. Апам колхоздо ашпозчу болуп иштеген. Атам 1987-жылы 1-майда жерге берилди. Атам эл үчүн жакшы кызмат кылгандыктан ал каза болгондо ушунчалык көп эл келип, акыркы сапарга жакшы узатышты.

Мен Фрунзедеги кооперативдик техникумду аяктап, мамлекеттик кызматта иштеп келдим. Атамдын кесибин улантып, Баткен облустук ардагерлер кеңешинде көп жылдан бери бухгалтер болуп иштеп келем. 1 кыз, 2 уулум бар. Алар Россияда иштеп жүрүшөт. 7 небере, 3 чөбөрөм бар. Баткенде чоңойгондуктан Баткенди таштап кете албайм. Анткени ата-энемдин сөөгү да Баткенде коюлду. Атамдар Татарстандан келгенде мына ушул касиеттүү Баткенге отурукташып, биздин мекен болуп калды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×