Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 05.12.2019 15:26 На русском

Тагдыр: 18 жаштагы Мадина акча жоктугунан операция үчүн Түркияга бара албай кыйналып жатат (видео)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 18 жаштагы тургуну Руслан кызы Мадина боор оорусунан жабыр тартып, оор операцияга муктаж болуп жатат.

Апасы Магира Сыдыкованын айтымында, кызынын операциясы үчүн 20 миң доллар акча керек.

«Кызым Мадина 1 жашынан баштап баш оорусунан талма болуп ооруйт. Алгач 2 жашында биринчи жолу башына операция жасатканбыз. 18 жылдан бери ошол оорусу менен алышып келебиз. Быйыл март айында боорунун сол тарабы жабыркап, Бишкек шаарында операция болгон. Арадан 1 жыл өтпөстөн боорунун экинчи капталы альвеококкоз оорусу менен ооруп жатат. Бул операцияны Кыргызстанда жасай албагандыктан чет мамлекетке алып барууга аракет кылып жатабыз. Бир эле операциясына 20 миң доллар керектелет экен. Ал эми дары-дармекке, жол акысына андан дагы көп каражат кетчүдөй.

Жолдошум экөөбүз тең эч жерде иштебегендиктен бул суммадагы акчаны табуу кыйын болуп жатат. Каражат канчалык эрте табылса, кызымдын ден соолугуна ошончолук жакшы болот эле. Алгач дарыгерлер донор керек деп айтышкан. Бирок азыр кызымдын өзүнүн боорун дарылап айыктырууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып жатышат.

Мадина быйыл айылыбыздагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, дизайнер болууну көздөп жаткан. Тилекке каршы бул илдеттин айынан жогорку окуу жайга дагы бара албай калдык. Кудайдан сураганыбыз эле кызым ден соолугун бекемдеп, кайрадан үйүбүзгө жылмаюу менен келсе дейбиз. Кайрымдуу кыргыз элим, кызыбыздын айыгып кетишине себепчи болуп, жардам берүүңүздөрдү суранабыз», - деди ал.


Арал айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Зарина Токтоналева Мадинага жардам көрсөтүү үчүн ушул жума күнү айылда марафон уюуштуруларын билдирди. Ал жерден топтолгон акча Мадинанын ата-энесине тапшырылат. Ал эми жуманын этегинде Арал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары аталган үй-бүлөгө акча бөлүп берүү маселесин караганы жатат.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номуру:

Элсом: 0704 30 90 93.

Байланыш номурлар: 0704 30 90 93, 0705 16 03 37.

Эсеп: 12 80 15 60 53 14 69 86.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×