Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусуКара-Суу району 05.12.2019 11:29 На русском

Сөөгү кайра казылган: Асынып алды делген келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Маркум келин жана анын жолдошу
Маркум келин жана анын жолдошу

Turmush -  Ош облусунда аялынын өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн 29 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын ноябрь жана декабрь айларында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын өздүк курамы тарабынан ар кандай кылмыштарга шектелип издөөдө жүргөн 10 адам кармалган. Алардын ичинен А.С. ушул жылдын 1-августунда Жазык кодексинин 130-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде издөөгө алынып, кармалды. Анын баш коргоо чарасы 3-декабрда каралып, камакка алынган.

21-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ынтымак айылынын 1967-жылы туулган тургуну Ю.К. Кара-Суу РИИБге оозеки түрдө кайрылган. Ал 9-апрель күнү Ынтымак айылында жашап жаткан 1995-жылы туулган кызы асынып алганын, бирок кызынын асынып алышына күмөн санап жатканын билдирген. Ю.К. кызынын асынып алганын күйөө баласы А.С. айтканын кошумчалаган.

Аталган факт 21-май күнү Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Окуяга күбө болгон тургундардан көрсөтмөлөр алынып жаткан кезде арыздануучу Ю.К. Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматына ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Ошондуктан сотко чейинки өндүрүш иштери 28-июнь күнү Ош ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 3-июль күнү Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маркум келиндин денеси көмүлгөн жерден казылып алынып, эксгумация жүргүзүлгөн. 30-июль күнү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгып, каза болгон келиндин чекесинде, оң жана сол бетинде, моюнунун сол тарабында, оң жак желкесинде, көкүрөгүнүн ылдыйкы жана жогору жагында, оң бутунун жоон санында, сол жамбашында, оң жана сол колунун билегинде көк ала тактар жана уюган кан бар экени, алар маркум тирүү кезинде бир нече жолу урулган катуу буюмдун таасиринен пайда болгону аныкталган. Ал колдун муштуму, бут кийимчен буттун соккусу жана башкалар болушу мүмкүн.

21-майда Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине асынып алуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иши соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна дал келген эмес. 1-август күнү сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) өзгөртүлгөн. Кылмышка шектүү — Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын 1990-жылы туулган тургуну А.С. изин жашырып кеткендигине байланыштуу Кара-Суу РИИБ тарабынан издөөгө алынган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде шектүү 3-декабрда кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

-------------------------------------------------

Буга чейин маркум келиндин ата-энеси АКИпресс-Ошто маалымат жыйын уюштурушуп, кызы жолдошу тарабынан сабалып каза болгонун айтышкан.

«2014-жылы 1995-жылы туулган кызымды Сүйүндүк (ысымы өзгөртүлдү) аттуу балага турмушка узаткам. Ушул жылдын 9-апрелинде күйөө баланын атасы "кызың асынып алыптыр" деп кабар жеткирип келди. Кызым акыл-эстүү, эч кимге зыяны жок, кичи пейил кыз болсо, анын мындай кадамга барганын түшүнгөн жокмун. Анын артында 3 кызы калды. Улуу кызы 4 жашта болчу. Экинчи кызы 2 жаш 6 айлык, кичүү кызы 7 айлык эле. Эл-журт, кошуналарым "асынып алыптыр" деген сөздү уккандан кийин чын эле эмне болуп өлгөнүн сурай алышпаптыр. Мен да алгачкы жолу укканда үрөйүм учуп, кызымдын өлүмүнүн себептерин тактабаптырмын.

10-апрель күнү кызымдын сөөгү жерге берилди. Арадан 20 күн өткөндөн кийин көп сөздөрдү уга баштадык. Мен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Алар "кыздын денесин экспертизадан өткөрүү керек" дешти, макул болгон жокмун. Ошентип бул иш РИИБде 1,5 ай каралды. Андан кийин Ош облустук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык. Мурун экспертизага макул болбой жүрсөк, кийин макул болдук (келиндин денеси көмүлгөн жерден кайра казылды). Экспертизанын жыйынтыгы 20 күндөн кийин келди. Анын жыйынтыгында кызымдын 11 жеринде жаракат бар экени белгилүү болду. Аны ким жасаган? Сүйүндүк (маркумдун жолдошу) качып жүрөт. Ал кармалып, күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени далилденсин. Ушул иштин адилеттүү каралышын жогорку бийликтин өкүлдөрүнөн суранабыз», - деген маркум келиндин атасы Кылычбек Юсупбаев.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

-------------------------------------------------

Ошондой эле асынып алды делген 24 жаштагы келиндин кайын атасы Арстанбек Төрөбеков да АКИпресс-Ошто маалымат жыйын уюштуруп, келини киши колдуу болуп өлгөн деген сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирген.

«2014-жылы келиним менен балам сүйлөшүп жүрүптүр. Бири-бириңерди жакшы көрүп жүрсөңөр мейли деп үйлөнткөнбүз. Келиниме нааразычылыгым жок. Балам экөө жакшы жашашты. Алар биз менен чогуу жашашчу эмес. Өзүнчө үй курганга жардам бергенбиз. Үйүнүн курулушу бүтүп, Жаңы жыл майрамында чогуу болгонбуз. Баарыбыздын маанайыбыз жакшы болчу. Балам дыйканчылык менен алектенет. Ар кимден үлүш жерлерди ижарага алып иштетет.

Балам окуя болгон 9-апрель күнү кечинде телефон чалды. "Ата, келиниңиз асынып алыптыр" деди. Мен түшүнбөй калдым. Кайра чалсам телефонун алган жок. Анан мен туугандарга чалып, болгон окуяны түшүндүрдүм. Баламдын үйүнө бардым, келинимдин чекесин кармап көрдүм. Жоолугун чечип, моюнун карасам кызыл так бар экен. Анан келиндин апасы да келди. Ал жолдошун чакырууну суранды. Мен Кылычка (маркум келиндин атасы) анын уулу менен кошо бардым. Баласы 2 койчу ала бар деген. Аларды алып жайлоого бардык. Кылычка болгон окуяны түшүндүрдүм. Аны менен кошо үйгө келдик. Ал келинимдин асынып өлгөнүн эч ким билбей, бул иш жашыруун бойдон калышы керектигин айтты. Баарыбыз кеңешип, Элмира (аты өзгөртүлдү) кызын эмизип жатканда жүрөгү ооруп каза болду деп айтмай болдук. Эртеси акыркы сапарга узаттык. Бардык жөрөлгөлөрдү жасадык», - деген А.Төрөбеков.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×