Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2019 08:16

Жумгалдагы санитардык талапка жооп бербеген ашканага көзөмөл жүргүзүлбөй жатат, - тургундар

Turmush -  Жумгал районунун батыш тарабындагы ашкана санитардык талаптарга жооп бербейт, деп билдирди айыл тургуну Динара Асанова. Өзүнүн айтымында, бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке жана райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна кайрылып, алгылыктуу жооп алган эмес.

«Арыз жазып, ары чуркап, бери чуркап кала бердик. Бул ашкана санитардык талапка жооп бербейт. Темир контейнерден курулган. Жада калса дааратканасы да жок. Ашканага келген кардарлар биздин турак жайдын алдына, маңдайында турган имараттардын артына барышат. Көрүнгөн жерге заара ушатып, сасытып бүтүштү. Ызылдашып жатып кол жуучу буюмду араң койдурганбыз.

Биз жашап турган 2 кабаттуу турак жай союз маалында которуу жолу менен келген акимдердин үйү экен. Кийин ал үй менчиктештирилип, колдон-колго өтүп сатып алганбыз. Кеминде 5-6 үй-бүлө жашайбыз. Анын жанында от жаккан жай да менчикке чыгып кеткен. Таң калганыбыз, биздин үйдүн аймагындагы жерлерди менчикке чыгарып алышыптыр. Айланабыз таштанды», - деди Д.Асанова.

Бул маселе боюнча аталган ашкананын кызматкерлери пикир берүүдөн баш тартышса, райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери аталган жайды текшерүүгө алышарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×